Бардык жаңылыктарКорпорациянын жаңылыктары
«Иман» фонду муктаждарга 200 тонна көмүр берди
Жардам Кыргызстандагы катуу суук мезгилинде уюштурулган.

Катуу суук мезгилинде «Иман» кайрымдуулук фонду аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 200 тонна көмүр берүүнү уюштурду. Кыргызстандын айрым аймактарында абанын температурасы минус 40 градуска чейин түшкөндүктөн, жардам өзгөчө өз убагында көрсөтүлдү.
Суусамырда 120 үй-бүлө 60 тоннадан ашык көмүр алды. Кызыл-Ой айылында 50 тонна көмүр 100дөн ашык үй-бүлөгө бөлүштүрүлдү, дагы 100 тоннага жакын көмүр эки башка айылдын тургундарына берилди. Акциялар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусу менен өттү.


