Бишкекте Кыргызстандын халал продукциясынын көргөзмөсү өттү
IBIF-2023 алкагында өндүрүүчүлөр продукциясын жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырышты.

IBIF-2023 форумунун алкагында Бишкекте Кыргызстанда өндүрүлгөн халал продукциясынын көргөзмөсү өттү. Жыйырмадан ашык өндүрүүчү кургатылган жемиштерди, жаңгактарды, эт азыктарын, буурчак өсүмдүктөрүн, улуттук суусундуктарды жана кийиз буюмдарын көрсөттү. Туроператорлор конокторду өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырышты.
Көргөзмө менен Жакынкы Чыгыштын, Европанын жана аймактагы өлкөлөрдүн инвесторлору, финансисттери, экономисттери жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү таанышты. Экологиялык таза продукция, туризм жана биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүктөрү өзгөчө кызыгуу жаратты.
Форум учурунда эле кызматташуу сунуштары айтылып, аларды талкуулоо эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушууларда уланды.


