IBIF-2023 форумунун резолюциясы
Бишкектеги тегерек столдун катышуучулары ислам бизнесин жана инвестицияларын өнүктүрүү жөнүндө резолюция кабыл алышты.

Биринчи IBIF-2023 форумунун тегерек столуна катышкандар ислам бизнесин жана инвестицияларын өнүктүрүү жөнүндө резолюция кабыл алышты. Документте вакф, өнөктөштүк каржылоо, инвестициялар, кайрымдуулук жана такафул боюнча мыйзамдарды жакшыртуу зарылдыгы белгиленген.
Резолюцияда ислам бизнеси жана инвестициялары боюнча эл аралык консультативдик кеңешти, эл аралык өнүктүрүү фондун, халал сертификаттоо жана шариат нормалары боюнча адистерди даярдоо борборлорун түзүү сунушталган. Ислам банкингин жана Кыргызстандын Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен ишкер байланыштарын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган.
Катышуучулар ислам инвестициялары жана соодасы боюнча жыл сайын көргөзмөлөрдү өткөрүүнү, форумда көрсөтүлгөн долбоорлорду колдоону, ишкер сапарларды жеңилдетүүнү жана IBIF форумун жыл сайын өткөрүүнү да сунушташты.


