IBICтин Дохадагы макулдашуулары
IBIC делегациясынын JTA Investment Holding башкы кеңсесине сапары инвестициялык кызматташтыктын жаңы багыттарын ачты.

2023-жылдын 30-сентябрынан 5-октябрына чейин Корпорациянын делегациясы Дохадагы JTA Investment Holding башкы кеңсесине расмий сапар жасады. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар биргелешкен иштин бир нече багытын бекитишти.
JTA T&T биргелешкен ишканасынын акционерлеринин келишимине кол коюлду. Тараптар холдинг аркылуу төрт демилгени өнүктүрүүгө макулдашты: «Муслим» социалдык-инвестициялык долбоору, «Сулейман» турак жай комплекси, «Иман» ислам инвестиция жана туризм банкы жана NOMAD туристтик-ден соолукту чыңдоо комплекси.
«Муслим» жана «Сулейман» долбоорлорунун биринчи этабында Ош жана Бишкек шаарларында 125 төрт кабаттуу үй куруу каралган. Ошондой эле IBIF-2024 экинчи ислам бизнес-инвестициялык форумун биргелешип өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.
Жолугушуунун катышуучулары эки тараптуу мамилелердин келечегин жана коомдун кызыкчылыгындагы мындан аркы кызматташууну талкуулашты.


