Бардык жаңылыктарКорпорациянын жаңылыктары
«Иман» фонду 70 үй-бүлөгө жардам берди
Алтын-Казык айылындагы үй-бүлөлөргө кайрымдуулук жардам берилди.

«Иман» ислам кайрымдуулук фондунун ишмердигинин алкагында Чүй облусунун Алтын-Казык айылындагы 70 үй-бүлө жардам алды. Үй-бүлөлөргө кайрымдуу адамдардын колдоосу менен чогултулган зекет каражаттары берилди.
Программа аз камсыз болгон тургундарга даректүү колдоо көрсөтүүгө жана алардын эң зарыл муктаждыктарын камсыздоого багытталган.


